КОНВЕРГЕНЦИЯ ТЕОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ТЕОРИЯСЫ – коомдук түзү­лүшү ар кандай мамлекеттердин ортосундагы экономикалык ж-а саясий айырмачылыктар акырындап жоюлуп, алар бири бирине кошулушат деген саясий теория. Конвергенция теори ясы 20-кылымдын 50–60-жылдарын­да пайда болгон. Анын чыгышына илимий-техникалык революцияга байланыштуу жеке (майда) өндүрүштүн ирилештирилиши, мамлекеттердин өндүрүштө экономикалык ролунун өсүшү, өлкө масштабы боюнча план­доо элементтеринин киргизилиши таасир тий­гизген. Конвергенция теориясын мына ушул процессти чагыл­дыруудан келип чыккан концепция катары кароого болот. Конвергенция теориясынын өкүлдөрү (Ж. Гелбрейт, АКШ; Р. Арон, Франция; Я. Тинберген, Ни­дерланд ж. б.). СССР күчтүү мезгилинде эле ка­питализм м-н социализм катарлаш өрчүп оту­руп, бири бири м-н жакындашып, ал экөөнүн ортосунан жаңы коом пайда болот деген тыя­нак чыгарышкан. СССРдин, бүткүл социалисттик систе­манын кыйрашы м-н конвергенция теориясы өзүнүн илимий маани­син жоготту.