ЗАРЯ
ЗАРЯ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Деңиз деңгээлинен 590 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 958 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, китепкана бар.