КОНВЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕ́КЦИЯ (лат. convectio – алып келүү, жет­кирүү) – суюктук, газ же чубурма заттуу чөйрөдө алардын бөлүкчөлөрүнүн которулушунан ал чөйрөдө массанын, жылуулуктун ж. б. алма­шуусу. Конвекция табигый (эркин), аргасыз ж-а капил­лярдык болот. Т а б и г ы й конвекция– агуучу же чубурма заттардын бирдей эмес ысышынан (мисалы, астынан жылуулук берилсе) оордук күчүнүн талаасында пайда болот. Мисалы, бөлмөнү жылытууда (меш же жылыткыч радиатор) аба­нын кыймылы эркин конвекция болуп эсептелет. Температу­ра жогорулаганда, абанын тыгыздыгы азайып, ал өйдө карай көтөрүлөт, ал эми муздак аба ылдый түшөт. Эркин конвекция процесси температура теңел­генге чейин уланат, анын ургаалдуулугу чөйрө катмарларынын ортосундагы температуранын айыр­масына, жылуулук өткөрүмдүүлүгүнө ж-а илээш­кектигине көз каранды. А р г а с ы з конвекция атайын сырткы механикалык таасирден (насос, аралаштыргыч ж. б.) пайда болот, мисалы, бөлмөнүн ичинде вен­тилятордун же кондиционердин таасири астында абанын кыймылы, гидронасостун таасири ас­тында түтүктөгү суюктуктун кыймылы. К а ­п и л л я р д ы к конвекция суюктуктун эркин беттик тегиздигинде беттик тартылуу айырмасында пайда болот. Айырмалар температура өзгөргөндө, беттик активдүү заттар таасир эткенде болот. Капиллярдык конвекциянын ургаалдуулугу өтө ки­чине. Космос тармагында, атмосферадан сырткары чөйрөдөгү эркин учууларда, салмаксыз абалда эркин конвекция азайганда капиллярдык конвекциянын маа­ниси өсө баштайт. Конвекция техникада чоң роль ой­ноп, табиятта көп кездешет, мисалы, атмосферада аба массасынын ж-а деңиз м-н океандарда суу мас­саларынын которулушу конвекцияга мисал болот.