КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИ́СТИКА (сөзмө сөз англисче computational linguistics дегенден) – кол­донмо лингвистиканын бир багыты, анда тил­ди изилдөөдө ж-а тигил же бул шартта, жаг­дайда, тилдин кызматын моделдөөдө компью­тердик программалар, компьютердик маалымат иштетүү технологиялары түзүлөт ж-а колдону­лат. Экинчи жагынан бул тилдин компьютер­дик моделдерин лингвистикада жана ага танапташ илим тармактарында пайдалануу чөйрөсү.
Өзгөчө илимий багыт катары Европада 1960-жыл­дары калыптанган. Көп учурда тилди ж-а кеп­ти изилдөөдө окуп-үйрөнүүнүн негизги аспабы катары анализдөөнүн сандык жана статисти­калык методдорун колдонууну мүнөздөгөн «к в а н т а т и в д и к л и н г в и с т и к а» термини компьютердик лингвистиканын алкагында каралат. Тил или­минде статистикалык методдорду колдонуу тил­дин структуралык моделин ыктымалдуулук ком­поненти менен толуктоого, башкача айтканда теориялык түшүн­дүрүүгө ыңгайлуу структуралык-ыктымалдык модель түзүүгө мүмкүндүк берет. Колдонмо жаа­тында квантативдик лингвистика ушул модел­дин тилдин кызматына лингвистикалык мониторинг жүргүзүүдө, коддолгон текстти чечмелөөдө, текстти авторлоштурууда (башкача айтканда тексттин атри­буттарын аныктоодо) колдонулуучу фрагмент­терин колдонот. Компьютердик лингвистиканы ж-а анын проблемала­рын баарлашууну моделдештирүү, башкача айтканда адам менен ЭЭМдин табигый же чектелген табигый тилде өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле маалымат издөө системасынын теория­сы жана практикасы менен байланыштырышат. Текстти уюштуруунун өзгөчө ыкмасы же көп касиеттери боюнча китеп басууда калыптанган ка­димки тексттен айырмаланган тексттин тапта­кыр жаңы түрү катары каралуучу гипертекст­тик системаларды түзүү боюнча жумуштар да бел­гилүү даражада Компьютердик лингвистикага тийиштүү. А в т о м а т­ т ы к к о т о р у у (текстти бир табигый тилден экинчисине компьютердин жардамы менен которуу) да компьютердик лингвистикада каралат. Компьютердик лингвистиканын алкагында 1980–90-жылдардан активдүү өнүгүп жаткан салыштырмалуу жаңы багыт – к о р ­п у с т у к л и н г в и с т и к а пайда болду, анда маалыматтардын (тексттердин) лингвистикалык кор­пустарынын жалпы түзүлүш принциптери за­манбап компьютердик технологиялар колдону­луп иштелип чыгат. Текст корпусу – бул маа­лымат алып жүргүчтөргө жайгаштырылган жана автоматтык иштетүүгө арналган китеп, журнал, гезит ж. б. атайын тандалган жый­нагы. Маалымат корпустарын конструкция­лоодон башка корпустук лингвистика текст кор­пусунан ар кандай маалыматтарды алып чы­гууга арналган компьютердик аспаптарды (ком­пьютердик программаларды) да түзөт. Компьютердик лингвистика б-ча изилдөө иштерин бүткүл дүйнөдө регион­дук түзүмдөрү бар компьютердик лингвистика ассоциациясы жүргүзөт.



Ад.: Баранов А. Н. Введение в прикладную линг­вистику. 3-е изд. М., 2007; Компьютерная лингвис­тика и интеллектуальные технологии. М., 2008. Вып. 7.

С. Төлөгөнова.