КОМПЬЕН ЖАРАШУУСУ
КОМПЬЕ́Н ЖАРАШУУСУ – 1) 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) жеңилген Германия м-н анын каршылаштары – АКШ, Англия, Франция ж. б. антигерманиялык коалициядагы өлкөлөр ортосунда 1918-жылы 11-ноябрда Компьен токоюндагы Ретонд станциясына жакын жерде (Франция) түзүлгөн келишим. Компьен жарашуусу боюнча Германия Европадагы өзү басып алган аймактардан куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө милдеттендирилген. Ал эми Германия басып алган советтик аймактан анын аскерлерин чыгаруу каралган эмес. Алар советтик Россияга ж-а Германиядагы революциячыл кыймылга каршы күрөшүү үчүн Германия армиясынын бир бөлүгүн сактаган. Компьен жарашуусу Версаль тынчтык келишиминин (1919) түзүлүшүнө алып келген; 2) 2-дүйнөлүк согуш учурунда 1940-жылы 22-июнда ошол эле жерде фашисттик Германия Франциянын А. Ф. Петен жетектеген чыккынчыл өкмөтү кол койгон келишим. Ал боюнча Петендин өкмөтү фашисттик Германияга каршылык көрсөтүүнү токтотуп, гитлерчилер Франциянын 2/3 бөлүгүн оккупациялап, Франция армиясы м-н флоту таркатылып, курал-жарак немистердин командачылыгына өткөрүлгөн. 1944-жылы гана Франция Германиянын 4 жылдык эзүүсүнөн кутулуп, Компьен жарашуусу биротоло күчүн жоготкон.
Ад.: Международная политика новейшего времени в договорах, нотах и декларациях. Т. 2, М., 1926.