КОМПРЕССОР СТАНЦИЯСЫ
КОМПРЕ́ССОР СТАНЦИЯСЫ – өндүрүш ишканаларында, магистралдык түтүктөрдө ж-а курулуш объектилеринде кысылган аба же газ алууда пайдаланылуучу агрегаттар комплекси. Кысылган аба же газ ар кандай продукцияны
алууда (мисалы, абадан кычкылтекти, азот-суутек аралашмасынан аммиакты) энергия булагы же сырьё катары колдонулат. Компрессор станциясынын курамына компрессорлор ж-а көмөкчү жабдуулар м-н түзүлмөлөр – (кысылган газ сакталуучу көлөмдүү идиш, газ чогулткуч, суу бергич ж. б.) жайгаштырылган инженердик коммуникация тармагы (муздак, ысык суу, буу жүргүч, канализация), негизги имарат, трансформатор подстанциясы, ошондой эле тиричилик бөлмөлөрү кирет. Компрессор станциясы отко чыдамдуу материалдар м-н жабылып, күйбөй турган тосмо м-н бөлүнгөн өзүнчө имаратка жайгаштырылат.