КОМПРЕССОР
КОМПРЕ́ССОР – абаны, газды, бууну кысууга арналган пневматикалык механизм. Кысылган аба, өнөр жайында ж-а тоо-кен өндүрүшүндө бургулоо иштерин жүргүзүүдө коркунучсуз энергия булагы катары пайдаланылат. Ошондой эле буу турбина-

лык кыймылдаткычта колдонулат. Жөнөкөй компрессор алдыга-артка кыймылдоочу поршендүү цилиндрден турат. Капкагында соргуч ж-а толтургуч клапандары жайгашкан. Цилиндрлер улам кийинки баскычтарга биригет ж-а алардын ар биринин кысуу деңгээли 7:1ге чейин. Кыскан маалда газ ысый баштайт да, муздатуучу систе-
ма талап кылынат. Кысылган газ май чачылып муздатылат. Жогорку кубаттуулуктагы компрессорлорго жогорку айлануудагы радиустук ж-а октук (өзөктүк) турбокомпрессорлор кирет.