КОМПОСЕ
КОМПОСЕ́ (лат. compositus – үлүштүү) – түрдүү органикалык заттардын аралашмасынын микроорганизмдердин таасири м-н чиришинен алынган жер семирткич. Компосе үчүн шакел, чым көң, кык, чыла, таштандылар пайдаланылат. Компосе семирткичте сиңимдүү азык заттар (азот, фосфор, калий ж. б.) көбөйүп, илдет пайда кылуучу микрофлора м-н гельминттен зыянсыздандырылат, целлюлоза, гемицеллюлоза ж-а пектин заттары азайып, жер семирткичтин физикалык касиети жакшырат. Компосенин чым көң-кык, чым көң-чыла, кык-фосфорит, кык-суперфосфат сыяктуу бир нече түрү бар. Шаар таштандыларынан да компосе даярдоого болот. Компосе бардык эгилме өсүмдүк үчүн түрдүү топуракта (гектарына 15–40 т) колдонулат.