КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР
КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР – эритмеде кристалл торчонун түйүндөрүндө өз алдынча сактала турган комплекстүү ион жайгашкан бирикмелер. Бир же бир нече молекула же ион м-н белгилүү бир валенттик абалда байланышкан металлдын, кээде металл эместин атомунан турган татаал ион комплекстүү ион деп аталат. Комплектүү бирикмелер комплекстүү анионду, комплекстүү катионду кармап турушу, же болбосо такыр эле ионго диссоциацияланбашы мүмкүн. Координациялык теориянын көз карашы боюнча ар кандай комплекстүү бирикмелердин молекуласында оң заряддалган ион борбордук орунду ээлеп, комплекс пайда кылуучу же борбордук ион деп аталат. Анын айланасында карама-каршы заряддалган бир нече ион же электр нейтралдуу молекулалар – лиганддар жайгашат да,комплекстүү бирикмелердин ички координациялык чөйрөсүн, ички чөйрөгө батпай калган иондор сырткы координациялык чөйрөнү түзөт. Борбордук ионду курчап турган лиганддардын саны координациялык сан деп аталат. Комплекстин ички чөйрөсү эригенде туруктуулугун сактайт, сырткы чөйрөдө жайгашкан иондор эритмеде оңой эле ажырайт. Ошондуктан ички чөйрөдө иондор борбордук атом м-н иондуу эмес, сырткы чөйрөдө болсо, иондуу байланышкан. Мисалы, РtСl–2КСl комплекстүү тузунун координациялык формуласы: К2[РtCl6]. Мында ички чөйрө кычкылдануунун даражасы 4+ болгон платинанын борбордук атомунан ж-а хлор иондорунан турат, ал эми калий иону сырткы чөйрөдөн орун алат. Көптөгөн комплекстүү бирикмелердин координациялык санын аныктоо м-н, А. Вернер борбордук иондун заряды координациялык санга таасир этүүчү негизги фактор деген. Комплекстүү бирикмелерди атоо ички чөйрөнүн курамын көрсөтүүдөн башталат, андан кийин борбордук атому аталат ж-а анын кычкылдануу даражасы көрсөтүлөт. Анализ химиясында бир катар металлды бөлүп ж-а аларды өтө тазалыкта алуу үчүн гальваностегияда, боёгуч зат, сууну жумшартууда колдонулат. Көптөгөн комплекстүү бирикмелер – В12 витамини, гемоглобин, хлорофилл ж. б. физиологиялык ж-а биохимиялык процесстерде өтө чоң роль ойнойт.
Ад.: Киселев Ю. М., Добрынина Н. А. Химия координационных соединений. М., 2007.
К. Сулайманкулов.