КОМПЛЕКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МПЛЕКС (лат. complexus – байланыш, ай­калыш) – комбинаторика топологиясынын не­гизги түшүнүктөрүнүн бири. Комбинаторика то­пологиясында геометриялык фигураларды элементардык фигураларга бөлүп кароо негизги ролду ойнойт. Геометриялык фигураларды симплекстерден, башкача айтканда 3 өл­чөмдүү мейкиндиктеги чекиттерден, кесинди­лерден, үч бурчтуктардан ж-а тетраэдрлерден турат деп кароо ыңгайлуу. Евклид (же гиль­берт) мейкиндигинде жайгашкан ж-а төмөн­күдөй касиетке ээ болгон кандайдыр бир симп­лекстердин чектүү көптүгү комплекс болот; бул көптүк­түн эки симплекси же алардын жалпы чекитте­ринин тобу эки симплекстин жалпы граны боло алат.