КОМПАРАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПАРА́ТОР (лат. comparo – салыштырам) – даярдалган буюмду, берилген мүнөздөгүч м-н дал келүүсүн текшерүүгө ж-а өлчөөгө арналган при­бор. Компаратор м-н номиналы боюнча бири бирине жакын эки чоңдуктун айырмасы ченелет. Ченелүүчү объектинин өлчөмдөрү даяр үлгү эталонуна түздөн түз салыштыруунун негизинде иш жүзүнө ашат. Компаратордун ченегич бөлүгү катары винт шка­лалуу ж-а оптикалык микрометрдүү окулярдуу микроскоп, фотоэлектрдик микроскоп, интер­ферометр колдонулат. Компаратор м-н узундуктун мм дин үлүшүнөн баштап, ондогон мге чейинки бөлүгү ченелет. Буюмдун кемчиликтерин табуу ата­йын оператордун жардамы м-н же автоматтык түрдө ишке ашырылат. Компаратор астрономияда, метео­рологияда, машина курууда, геодезияда колдо­нулат.