КОМОР АРАЛДАРЫ
КОМО́Р АРАЛДАРЫ , К о м о р А р а л д а р С о ю з у – Инди океанындагы мамлекет. Мозамбик кысыгынын түндүгүндө, Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан. Аянты 1862 км2. Калкы 883,0 миң (2024). Административдик-аймактык

жактан 3 аралга [Нгазижа (Гранд-Комор), Нжуани (Анжуан), Мвали (Мохели)] бөлүнөт. Борбору – Морони шаары (Нгазижа аралында). Акча бирдиги – комор франкы.
Комор аралдары – БУУнун (1975-жылдан), ЭВФтин (1976), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1976), Араб өлкөлөрү лигасынын (1993) ж-а Африка Союзунун (1975; 2002-ж. чейин ОАЕ) мүчөсү.
Комор аралдары – союздук мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы ж-а аткаруу бийлигин президент аткарат (Комор-Аралдар Союзуна караган аралдардын биринен ротациялык негизде 4 жылга шайланат).
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу парламент (33 депутаттан турат). Көп партиялуу. Башкы партиялары – Автономия аралдар партиясы, Комордун кайра жаралышы үчүн конвенция партиясы.
Калкынын негизин анталоатра (95%; жергиликтүү африкалыктар м-н арабдардын, малагасилер м-н европалыктардын никелешүүсүнөн пайда болгон) түзөт; ошондой эле арабдар, индейлер, кытайлар, француздар да жашайт. Расмий тили – комор (аралдын диалекти м-н), француз ж-а араб тилдери. Ислам динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Ири шаарлары: Морони (22 миң), Муцамуду (14 миң).
Аралдары тоолуу; аракеттеги бир нече жанартоо бар. Эң бийик жери – Картала тоосу (бийиктиги 2360 м). Климаты тропиктик [нымдуу ж-а ысык (ноябрь–май)] ж-а пассаттык (кургак, салыштырмалуу салкын). Эң суук айынын орточо температурасы 23–24°С, эң ысык мезгилде –27...–28°С, тоолорунда 14–15°Сге чейин төмөндөйт.
Жылдык жаан-чачыны 1100 ммден 3000 ммге
чейин (жанартоо массивинин айдарым беттеринде). Нгазижа аралында туруктуу аккан суусу жок, башка аралдарында кыска ж-а тез-тез соолуп калуучу агын суулары бар. Кратерлерде көлдөр кездешет (суусу таза). Флора м-н фаунасы эндемиктер. Айдарым капталдарында бийик өскөн тропиктик токойлорунда лианалар м-н жыгач сымал папоротниктер ж-а орхидеялар, токойлорунда жылаңач уруктуулардын байыркы өкүлдөрү, тоолордун этегинде ж-а түздүктөрүндө сейрек токой, саванна, жаш платолорунда чөп ж-а суу жээктеринде мангр өсүмдүктөрү өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (анын ичинде мангуст лемуру, тенрек), канаттуулардын 100гө жакын (анын 40%тейи эндемик; комор ача куйруктуулары, комор ак көзү ж. б.), сойлоп жүрүүчүлөрдүн 20дан ашык түрү (хамелеондор, жашырын көздүүлөр, фельмузалар) ж-а Нгазижа аралынын жээктеринде жоголуп бараткан латимерия (чеңгел канаттуу балык) кездешет. Мохели деңиз паркы уюштурулган.
Анжуан аралында калк б. з. 5-кылымында эле отурукташкан. Архипелаг 12-кылымда Килвы султандыгынын (Танзаниянын аймагында арабдар уюштурган) бийлигинин астында болгон. Арал жөнүндө алгач 1598-жылы голландиялык саякатчы К. Хаутман жазган. 1600-жылы Африкадан, Чыгыш Араб өлкөлөрүнөн, Индонезия ж-а Мадагаскардан элдер көчүп келип отурукташа баштаган. 15-кылымдан 19-кылымга чейин мусулмандардын ээлиги болуп келген. 1912-жылы Франциянын колониясы деп расмий жарыяланган. 1946-жылы Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусун алган. 1975-жылы арал көз каранды эместикке ээ болуп, бирок Майотта аралы Франциянын бийлигинин астында калган. 1978–79-жылдарда бир нече жолу мамлекеттик төңкөрүштөр болгон. 1978-жылы октябрда жаңы конституция кабыл алынып, Комор аралдары Ислам Республикасы (ФИРКО) аталган. 2007-жылы кайрадан шайланган президент аралдардын баарына көз каранды эместикти берген. Комор аралдары – агрардык өлкө. Экономикасы чет өлкөлүк жардамга көз каранды. Жар-

дамды негизинен Франция, Япония, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери ж-а Кувейттен алат. ИДПнин көлөмү 1,26 млрд доллар (2007; аны киши башына бөлүштүргөндө 1100 доллардан туура келет), андагы айыл чарба секторунун үлүшү 40%, өнөр жайыныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 56%. Өнөр жайы начар өнүккөн. Эфир май, копра, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Сыртка эфир майын (иланг-иланг, жылына 45 тга жакын эссенция алынат, дүйнөдө 1-орунда), чеге гүл (дүйнөдө 4-орунда), ваниль (6-орунда), кокос пальмасы (Мвали аралында; 77 миң т, жаңгагы), корица (татымал), кофе ж-а какао чыгарат. Керектөөлөрү үчүн банан, маниок, күрүч, таро, батат, ямс, жүгөрү ж-а бал камыш өстүрүлөт. Аймагынын 7%ин жайыт ээлейт. Бодо мал, эчки, кой ж-а эшек асыралат. Балык кармалат. Жыгач даярдалат. 2006-жылы 20 млн кВт.с

электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарба продуктулары экспорттолот. Автомобиль жолунун узундугу 880 км (анын ичинде 673 кми асфальтталган). Негизги порттору: Морони, Муцамуду. Деңиз соода флоту 144 кемени камтыйт (анын ичинде 70и башка өлкөнүн желеги м-н жүрөт). Морони шаарында эл аралык аэропорт бар. Туризм өнүгүүдө (жылына 20 миң турист келет). Негизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Франция, Италия, АКШ, Сингапур, Түркия ж-а Пакистан.
Ад.: Коморские острава / /Всё о странах мира, атлас-справочник, М., 2006; Коморы // Большая Российская энциклопедия. Т. 14. М., 2009.
Р. Карачалова.