КОММУНИЗМ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИ́ЗМ ЧОКУСУ (1962-жылга чейин Сталин атындагы чоку) – Памирдин эң бийик чокусу, илим­дер Академиясы кырка тоосунда (Пётр Бирин­чи кырка тоосу м-н ашташкан жерде). Бийиктиги 7495 м. Капталдарында жалпы аянты 136 км2ге жеткен ири фирн талаалары, мөңгүлөр (Бивач­ный, Гармо, Памир фирн платосу) бар. Альпи­низм өнүккөн; чокуга алгачкы жолу (1933) советтик альпинист Е. М. Абалаков чыккан. Тажикстан­да 1999-жылы тажик мамлекеттүүлүгүнүн алгач­кы негиздөөчүсү Исмаил Саманинин аты берил­ген.