КОММУНИЗМ (Кара-Суу районундагы кыштак)
КОММУНИ́ЗМ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 815 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 8 км түштүк тарапта. Калкы 1049 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.