КОММУНИЗМ (коомдук-­экономикалык көрүнүш)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИ́ЗМ (лат. kommunic – орток, жал­пы) – маркстик концепцияда капитализмди

алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдук-­экономикалык көрүнүш; коммунизм өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тап­сыз коомдук түзүлүш. Коммунизм – социализмдин өнүк­көн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Советтер Союзунун ж-а анын өнөктөштөрүнүн саясий ж-а экономикалык түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. Коммунизм идеясы пайда бол­гондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талап­ты 15-кылымда Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-кылымда Германияда дыйкандар со­гушунун (Т. Мюнцер), 17-кылымда Англияда, 18- кылымда Францияда буржуазиялык революциянын катышуучула­ры (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) революциялык күрөштүн урааны катары жарыялашкан. 16–17-кылымдарда көптөгөн гуманисттер (Т. Мор, Платон ж. б.), 18-кылымда француз агартуучулары (Морелли, Г. Маб­ли ж. б.) коммунизм идеясы жөнүндө көз караштарды иш­теп чыгышкан. 19-кылымда А. Сен-Симон, Ш. Фу­рье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер коммунизм жөнүндөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктажды­гын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштү­рүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопия­лык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-кылымдын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс коммунизмдин илимий теориясын (пролетар­дык революциянын негизинде капитализмди кула­тып, социализмге өтүү ж-а коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгыш­кан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим бол­бой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социа­лизмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ле­нин коммунизм теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бар­дык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамлекеттик органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Би­ринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыкта­рын көздөгөн коммунисттик партия жетекчи­лик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргү­зүп, мамлекеттик башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик ж-а экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, өнөр жай тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. Айыл чарба ишканаларына, завод-фабри­каларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары бе­рилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары анык­талган. Рынок экономикасына ж-а өндүрүш ка­ражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу м-н ишке ашкан эмес. Мисалы, Советтер Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тотали­тардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан ж-а демократиянын жоктугунан Батыш Евро­пада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-жылы евроком­мунизм идеялары м-н куралданган батыштагы коммунисттик партиялар лениндик «пролета­риат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демократиялык институттарды кабыл алган. Кийинки он жылдыкта коммунизмди ортодокстук ревизиялоо Советтер Союзуна ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кеңи­ри жайылган; натыйжада, тынчтык революциялары­нын негизинде коммунисттик партиянын бий­лиги жоюлуп, рынок экономикасына ж-а эр­кин демократияга жол ачылды. Агрардык коомдон индустриялаштырууга өтүүдө коммунизмдин ойногон ролуна тарых келечекте өз баасын бериши мүмкүн, бирок коммунизм жөнүндөгү идеялар адам тарыхы­нын акыркы максаты болуп эсептелбейт, би­рок ыймандуу салымдары м-н коммунизм кандайдыр бир деңгээлде коомдо жашай берет.

Ш. Керимова.