АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 24 март 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР ‒ жалганмалуу же мүчөлөнмө тилдер. Алар негизден же уӊгу сөздөн кийин түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу сөз жасоо жана сөз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Агглютинативдик тилдерде уӊгу сөзгө ар түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу ар түрдүү грамматикалык формалар пайда болот. Азиядагы, Африкадагы, Океаниядагы көпчүлүк тилдер (мисалы: түрк, монгол, венгр, полинезий, банту ж. б.) агглютинативдик тилдерге жатат.