КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР (англ. commercial clearing bank) – келишимдик шартта кредиттик­ эсептик ж-а банктык башка юридикалык ж-а жеке жактарды операциялар ж-а кызмат көрсөтүү аркылуу тейлөөчү универсалдык типтеги кре­диттик мекемелер. Коммерциялык банктар төмөнкү негизги мил­деттерди аткарат: 1) акча салымдарын кабыл алат ж-а жайгаштырат; 2) кредиттерди тар­тат ж-а берет; 3) кардарлардын ж-а банк-кор­респонденттердин тапшырмасы боюнча эсептерди ж-а аларды кассалык тейлөөнү жүргүзөт. Коммерциялык банктар ишке ашыруучу операциялар пассивдүү ж-а ак­тивдүү деп бөлүнөт. Пассивдүү операциялар – депозиттерди кабыл алуу, акцияларды, обли­гацияларды, башка баалуу кагаздарды сатуу жолу м-н акча ресурстарын тартуу. Активдүү операциялар – кредиттерди берүү, акцияларды ж-а баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу акча ресурстарын жайгаштыруу. Коммерциялык банктар кош максат­ты көздөйт: 1) кардарлар акчасын кайтарып алуу талабын канааттандыра алгыдай абалда болуу; 2) өз каражаттарын пайдалуураак чөй­рөгө салуу. Активдердин бир бөлүгү тез өтүмдүү формада сакталат. Бул активдер кардарлар ак­часын кайтарып алууга алардын бардык эле ке­чиктирилгис талаптарын коммерциялык банктардын аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзөт, бул өз кезегинде калктын коммерциялык банктарга болгон ишенимин арттырат. Коммерциялык банктардын активдеринин башка бөлүгү мамлекеттик баа­луу кагаздарга ж-а белгиленген проценти м-н жеке менчик корпорацияларга портфелдик ин­вестициялардан, ошондой эле ссудалардан пайда алуу максатында пайдаланылат. Кыргызстанда бир нече коммерциялык банктар («Кыргызстан», «Экоисламикбанк», «Дос­кредобанк», «Аманбанк» ж. б.) иштейт.