КОМИЦИЙЛЕР
КОМИЦИЙЛЕР (лат. comitia – чогулам) – Байыркы Римде мыйзам кабыл алып, согуш ж-а тынчтык маселелерин чече турган кызмат адамдарын шайлай турган элдик чогулуш. Комицийлердин 3 түрү болгон. Куриялык комицийлер – куриялар боюнча патрицийлердин чогулушу. Аны адегенде интеррекстер ж-а падышалар (б. з. ч. 8–6-кылымдарда) чакырып, падышаны шайлоо, согуш, тынчтык ж. б. маселелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн. Республикалык доордо комицийлердин башка түрлөрү пайда болгон соң, анын саясий мааниси жоголгон. Центуриялык комицийлер – центуриялар боюнча плебей ж-а патрицийлерди бириктирип өтүлгөн чогулуш. Центуриялык комицийлер согуш ж-а тынчтык, жогорку магистраттарды шайлоо маселелерин чечип, сот милдетин аткарган. Аны жогорку магистраттар Марс талаасында өткөргөн. Трибалык комицийлер – триба-дубан аймактары боюнча бардык жарандардын чогулушу. Аны чогулуштарда элдик трибундар ж-а плебей эдилдери шайлаган. Плебей м-н патрицийлердин күрөшүнүн натыйжасында б. з. ч. 287-жылдан Гортензия мыйзамы боюнча алар мыйзам чыгаруу, соттук ж-а магистраттарды шайлоо бийлигин алып, элдик чогулуштун бир түрү болуп калган. 1-кылымдын аягында комицийлер маанисин жоготкон.