АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР, а в т о т р о ф т о р ‒ тиричилик үчүн зарыл органикалык заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдердин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр. Фотосинтездөөчүлөр же фототрофтуу организмдер күн энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды синтездөө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат. Аларга бардык жашыл өсүмдүктөр, балырлар жана түстүү бактериялар кирет. Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездөөдө химиялык реакциялардан бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (кара: Хемосинтез ). Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу, темир, күкүрт бактериялары, нитрлөөчү жана азот топтогуч бактериялар кирет. Автотрофтуу организмдердин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоӊ, кара: Фотосинтез, Гетеротрофтуу организмдер.