КОМЕНДАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Mariya (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМЕНДА́НТ (фр. commandant – командир, башчы) – 1) ар түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү жооптуу кызмат адамы (офицер же генерал). 16-кылымдан чеп гарнизонунун начальни­ги комендант деп аталган. Россияга комендант кызматын (об­лустун башкаруучусу комендант, провинцияныкы обер- комендант) 18-кылымдын башында Пётр I киргизген. 1715-жылдан гарнизондун начальниги, кээде (обер-комендант) вице-губернатор кызматын аткарган. Ки­йинчерээк шаардык комендант пайда болуп, коомдук жайларда, көчөдө аскер кызматкерлеринин ас­кер тартибин сакташын камсыз кылып, гарни­зондогу кароол ж-а күзөт кызматын уюштуруп, анын туура аткарылышына жооп берген; 2) бир мекемеге же окуу жайына тиешелүү үйдүн (жа­такана) чарба башкаруучусу.