КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ
КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ Россиянын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-жылы 26-февралда Урал, 1935-жылы Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң км2. Калкы 106,7 миң (2019).
Административдик-аймактык жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар шаары. Приволжье федерация округуна кирет. Автономия округдун шайлоочулары Пермь облусунун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан Коми-Пермяк округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь облусунун курамына өзгөчө административдик-аймактык бирдик болуп кирген.
Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, ошондой эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар ж-а протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%. Табияты калктын жашоосуна орточо жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Январдын орточо температурасы –15°Сден –17°Сге чейин, июлдуку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын 4/5 бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 19%, айыл чарбасыныкы 39,4%. Токой (өнөр жай өндүрүшүнүн 51,4%и) өнөр жай комплекси өнүккөн. Ошондой эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасына жарактуу жери 132 миң га, анын ичинен 115 миң гасы айдоо аянты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу айбанаттар асыралат.
Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 1690 км (анын ичинен асфальтталганы 335 км). Пожва ж-а Майкоп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч ж-а атайын окуу жайы, 2 ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университетинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (анын ичинде край таануу) иштейт.
Ад.: Коми-Пермяцкий Автономный облус//Россия. М., 2004; Большая Российская энциклопедия. Том 14. М., 2009.
Т. Чодураев.