АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК ‒ физикалык-химиялык кубулуштардын таасиринен ар түрдүү тоо тектердин үбөлөнүп, күкүмдөлүшүнөн пайда болгон топурак. Алар негизинен кургак климаттык шартта өөрчүп, өрөөндөрдө, бөксө тоо жана субальп, альп алкактарында таралган. Ага күл, кара, күрөӊ, кара күрөӊ токой, коӊур, боз, ошондой эле субальп, альп жана башка типтеги топурактар кирет. Автоморфтуу топурак жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Кыргызстандын бардык аймагында кездешет. Автоморфтуу топурак башка топурак түрлөрү сыяктуу деградацияга алып келүүчү коркунучтуу факторлорго ‒ эрозия, кыртыш түзүлүшүнүн бузулушу, шорлонуу, чириндилүүлүгүнүн төмөндөшү жана кыртышынын булгануусуна дуушар болот. Ошондуктан, бул топуракты эрозиядан ж. б. бузулуудан сактоо, күрдүүлүгүн жогорлатуу талап кылынат.