КОМАНДАЛЫК ПУНКТ
КОМАНДАЛЫК ПУНКТ – согуш майданында аскерлерди башкаруу үчүн командир туруучу жай. Командалык пункт командачыга аскерлерди башкарууга ыңгайлуу, кол алдындагы командирлер, коңшу бөлүктөр, бирикмелер ж-а жогорку штаб м-н дайыма байланыша алгыдай жерге жайгаштырылат. Байкоо жүргүзүүчү, сигнал берүүчү ж-а байланыш каражаттары бар транспорттор м-н жабдылат. Командалык пунктта штабдын негизги курамы, аскер башчылары ж. б. болот. Командалык пунктту көчүргөндө аскерлерди башкаруу иши токтобойт.