КОЛЫМА ТҮЗДҮГҮ
КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ – Якутиядагы аккумуляциялык зор түздүк. Түндүк-Чыгыш Сибирде, Колыма дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея ж-а Юкагир бөксө тоолорунун аралыгында 750 кмге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңгээли 100–300 м бийикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң ж-а жер алдындагы калың (50 м) муз катмарынын таралышы рельефтин тоң-термокарсттык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ландшафттарынын ичинен тайганын түндүк чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сейрек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), ошондой эле кочкар тибиндеги тундра ж-а арктика ландшафттары м-н алмашат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн.