КОЛУМБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 23 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛУ́МБ (лат. Columbus, итал. Colombo, испан­ча Colon) Христофор (1451, Генуя шаары, Италия – 20. 5. 1506, Испания, Вальядолид шаары) – генуя­лык деңиз саякатчы.

1476–84-жылдарда Португалияда жашаган. Жердин шар фор­масында экендиги жөнүндөгү байыркы түшүнүктөргө ж-а 15-кылымдагы ката божомолдор­го таянып, Европадан Ин­дияга баруучу эң кыска ба­тыш деңиз жолунун долбоо­рун түзгөн. Долбоорду Пор­тугалия колдобогон соң, Ис­пания королу Фердинандды ж-а королева Изабелланы Ост-Индияга жасай турган экспедициясын каржылоого көндүрүп, 1492-жылы үч кичинекей кеме м-н («Санта-Мария», «Пин­та», «Нинья») жолго чыгып, Атлантика океа­нын алгачкы ирет кесип өтүп, Багама аралына, Куба ж-а Гаитиге жетип, Азиядан анча алыс эмес жер­дебиз деп, ал жерди Вест-Индия атаган. Анын алгачкы отчёту Жаңы Дүйнөнүн бар экенине күбө болгон. Бир жылдан кийин (1493–96) э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н а 17 кеме м-н чыгып, алтын таап келүүнү максат кыл­ган. Үч жыл бою Кариб архипелагын изилдеп, бирок максатына жетпей кайткан. Кичи Антил аралдар тобундагы айрым аралдарда, Пуэрто- Рикодо, Ямайка ж-а Кубанын түштүк жээгинде (83° батыш узундукка чейин) болот. Ү ч ү н ч ү э к с­п е д и ц и я с ы н а (1498–1500) өтө кыйынчы­лык м-н каражат таап жолго чыгып, Трини­дад а-н ж-а Түштүк Американын жээктерин көрөт. Т ө р т ү н ч ү э к с п е д и ц и я с ы н а (1502–04) начар жабдылган 4 кеме м-н чыгып, Борбордук Американын Атлантика жак жээгин (Гондурас булуңуна чейин) изилдейт. Колумбдун Америка жөнүндөгү жыйнаган географиялык маалыматтарынын дүйнөлүк тарыхый мааниси зор. Анын аты м-н Түштүк Аме­рикадагы мамлекет, Канададагы провинция, АКШдагы федерация округу, плато, дарыя, Аляска жарым аралындагы мөңгү, Багама аралындагы та­йыздык (банка), Кариб деңизиндеги суу астында­гы чуңкурдук, Шри-Ланканын борбору, көптө­гөн дарыялар, көлдөр, тоолор, шаркыратмалар ж-а тумшуктар (көпчүлүгү АКШда) аталган.

Ад.: Морисон С. Э. Христофор Колумб мореплава­тель. М., 1958; Путешествия Христофора Колумба.
Дневники, письма, документы. М., 1961; Свет Я. М. Севильская западня. (Тяжба о колумбовом наследстве). М., 1969; он же. Колумб. М., 1992; Магидович В. И., Магидович И. П. Эпоха Великих открытий. М., 2003.