КОЛПАКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 23 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЛПАКОВА Татьяна Алексеевна to КОЛПАКОВА over redirect) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛПАКОВА Татьяна Алексеевна (18. 10. 1959- жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Аламүдүн айы­лы) – спортчу (узундукка секирүү), олимпиялык оюндардын ж-а Кыргызстандын чемпиону ж-а ре-

кордсмени. СССР спортунун чебери (1978), эл аралык класстагы чебер (1979), СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1980). КМДТИни бүтүргөн (1988). 1979-жылы СССР кура­ма командасына кирген. 22- олимпиялык оюндарда 7 м 6 см узундукка секирип, ал­тын медалды жеңип алган (1980, Москва). Европанын кубогуна ж-а 1981-жылы Румы­нияда (Бухарест) өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасына катышып, узун­дукка секирүү боюнча 1-орунга чыккан (6 м 81 см). Эл достугу ордени м-н сыйланган.