АБСТИНЕНЦИЯ
АБСТИНЕНЦИЯ (латынча abstinentia – кармануу, токтонуу) – спирт ичимдиктерин ичүүдөн, тамеки тартуудан, жыныстык жактан жана башкалардан толук кармануу. Баңгилерде – наркотикти, алкоголду капысынан таптакыр кабыл албай калганда пайда болгон оорулуу абал. Анда нерв-психикасы бузулуп, жалпы абалы начарлайт.