КОЖОКМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОКМАТОВ Сатынды (3. 12. 1935-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы – 4. 12. 2008, Бишкек) – медицина илимдеринин докто­ру (1993), профессор (1994). КРдин эмгек сиңирген врачы (1995). КММИни бүтүргөн (1959). 1959–75-жылдарда Сү­лүктү шаарында хирург, бөлүм башчысы, 1975–79-жылы КММИде ассистент, доцент, 1990-жылдан кафед­ра башчысы болуп иштеген. Хирургия, травма­тология ж-а ортопедия боюнча адис. 130дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монография, 10 ойлоп табуу­су бар. СССР саламаттык сактоосунун отлични­ги (1970). И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1999). Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.

Эмг.: Лечение повреждённого тазобедренного сустава и их последствий. Б., 1977; Экзогенный остеомиелит (в соавторстве). Б., 1977; Организация неотложной травматологической помощи (в соав­торстве). Ф., 1985; Закрытая травма живота (в соав­торстве). Ф., 1986.