КОЖОКЕЛЕҢ КӨМҮР КЕНИ
КОЖОКЕЛЕҢ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда. Автомобиль жолу боюнча Папан кыштагынан 43 км, Жиптик-Суу (Кожокелең) суусунун төмөнкү агымында. Кен 1936-жылдан бери белгилүү. 1989-жылы Кожокелең-II участкасы чалгындалган. Көмүр юра катмарынын төмөн жагы м-н байланышкан. Көмүр кабатынын калыңдыгы 0,35 мден 9,40 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты начар изилденген. Орточо күлдүүлүгү 10,3%. Кожокелең-II участкасынын запасы 60 миң т.