КОЖОГУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОГУЛОВ Камчыбек Чоңмурунович (6. 9. 1950-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Мыкан айылы) – тоо кенчи, техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2000).

ФПИни (1973), Кыргыз ССР ИАнын тоо тек­теринин физикасы ж-а механикасы институтунун аспи­рантурасын бүтүргөн. Ошол институтта улук инженер (1973), окумуштуу секретарь (1983), лаборатория башчысы (1986), илимий иштер боюнча директордун орун басары (1988), 2008- жылдан институттун директору. Тоо тектеринин механикасы боюнча адис. 180ден ашык илимий иштердин, анын ичинде 6 монография, 5 ойлоп табуу­нун автору.

Эмг.: Напряжённое состояние и прочность эле­ментов системы разработок крутопадающих месторож­дений Средней Азии (в соавторстве). Ф., 1988; Геомеханика оползнеопасных склонов (в соавторстве). Б., 1999; Геомеханические основы и технология при комбинированной разработке крутопадающих месторождений (в соавторстве). Б., 1999.