КОЖОГОР
КОЖОГОР (Ходжа-Гор) – жогорку палеолит дооруна таандык (б. з. ч. 15–11-кылымдар) археологиялык эстелик. Кыргызстан м-н Тажикстандын чек арасындагы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кыштагына жакын жерден 1954-жылы А. П. Окладников тапкан. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү ж-а түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жараңкалар табылган. Таш куралдары Каспий деңизи тарабында жогорку палеолит мезгилинде даярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крым, Иран, Алдыңкы Азия, Египетте да табылган.