КОЖОБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОБАЕВ Канатбек Асекович (12. 7. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ой-Тал айы­лы) – геолог, техника илимдеринин доктору (1996), проф. (2000), УИАнын академиги (2006). ФПИни (1971), ММУда аспирантураны (1976), докто­рантураны (1991) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, ага окутуучу (1971–73), доцент (1976–88), кафедра башчысы; КТУда декан (1992–94), КРдин эконо­мика ж-а финансы министрлигинде бөлүм баш­чысы (1995–98), Бишкек финансы-экономика академиясында кафедра башчысы (1998–2002); Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2002). Инженердик геология, геоэкология, гидрогеология, кыр­тыш механикасы боюнча адис. 100гө жакын илимий эмгектин автору, анын ичинде 3 монография, 3 ойлоп табуу күбөлүгү бар.

Эмг.: Тиксотропия, дилатансия и разжижение дис­персных грунтов. Б., 1991; Правила прогнозирования активизации оползней и зон их поражения при землятресениях в КР (в соавторстве). Б., 1997; Энер­гетический подход к сейсмическим воздействиям на нескальные грунты. Б., 2000; Гидрогеология, инже­нердик геология жана геоэкология боюнча кыскача түшүндүрмө сөздүк. Б., 2007.