КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-БАКЫРГАН-САЙ – байыркы таш доо­рундагы адамдардын тургун жайы, журту. Ка­дамжай районундагы Кайрагач кыштагына жакын жерде, Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйү­зүндө жайгашкан. Бул журттан төмөнкү палео­лит дооруна таандык сүйрүрөөк, бир жагы бир нече жеринен одоно чегилген эмгек куралы – чоппер табылган. Орто Азияда адам жашаган эң байыркы жерлердин бири болуп эсептелет. 1954-жылы археолог А. П. Окладников изилдеген.