КОЖО-АШКАН КОРУКЧАСЫ
КОЖО-АШКАН КОРУКЧАСЫ – Баткен районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Кожо- Ашкандын (Сохтун куймасы) алабын, Кулдук тоонун түштүк капталын ээлейт. Аянты 16,0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, элик, доңуз, улар, чүткөр ж. б. жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.