КОЖО-АШКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АШКАН – Баткен районундагы суу, Сох­тун оң куймасы. Узундугу 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуу-Суу ж-а Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түштүк-батышты ка­рай агат. Гөөмүш Курук-Сай тоосунан, Жылуу- Суу Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш кап­чыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шаркыратма ж-а босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь–июлда, азы мартта байкалат. Май айында ки­рип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ириле­ри: Тилбе (14 км), Арча-Башы (18 км), Жылуу-Суу ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ко­жо-Ашкан, Шудман, Зардалы кыштактары жайгашкан.