КОЖО-АТА КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АТА КӨМҮР КЕНИ – Жалал-Абад обл­усунун Аксы районунда, Кара-Суу ойдуңунун түндүк жагында, Авлетин ж-а Кара-Суу сууларынын төмөнкү агымдарынын аралыгында, Таш-Көмүр шаарынан 70 км түндүктө жайгашкан. Кен жөнүн­дөгү алгачкы маалымат 1876-жылы (Г. Д. Романов­ский) берилген. 1953-жылы геологиялык картасы түзүл­гөн. Көмүрлүү катмарда 4 кабат бөлүнгөн. Кө­мүр кабатынын калыңдыгы 0,20 мден 1,0 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн күлдүүлүгү 12,52%тен 38,04%ке чейин, күйүү жылуулугу 26,56 МДж/кг (6345 ккал/кг) – 30,75 МДж/кг ( 7346к кал/кг) чейин өзгөрөт. Кендин 600 м тереңдикке че­йинки божомолдуу ресурсу 44 млн т.