КОЖО-АРЫК
КОЖО-АРЫК – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Кулатов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1420 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 44 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 19 км. Калкы 5324 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.