КОЖЕМЯКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖЕМЯ́КО Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай облусу, Жетигара району, Архангельск кыштагы – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983). 1938–42-жылдарда Ташкентте­ги Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–54-жылдарда СССР ИА Кыргыз филиалынын та­рых, тил ж-а адабият институтунда, 1956–60-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кыз­маткер, 1960–73-жылдарда археология секторунун баш­чысы болуп иштеген. Кыргызстандын археология­сы, байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы боюнча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө шаарларын казып, орто кылымдарда­гы шаар маданиятын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археологиялык эстеликте­ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү илимий эмгек болуп саналат. Кыргызстандагы байыркы ар­хеологиялык эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор­гоого коомчулукту чакырган. Кыргызстанда архео­логия илими боюнча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-жылы Талас өрөөнүнөн рун жазуу­су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе шаарына алып келген.

Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй­ской долины. Ф., 1959.