КОЖАХМЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖАХМЕТОВ Какимсеит Хамитович (1937- жылы туулган, Казакстан, Талды-Коргон облусу, Алакул району, Үч-Арал айылы) – физик, физика-мате­матика илимдеринин доктору (2002). Ленинград мамлекеттик университетин (1963), ошол эле жерде аспирантураны (1966) бүтүргөн. Казак ССР ИАнын математика ж-а механика институтунун кенже илимий кызматкери, окумуштуу секретары, директордун орун баса­ры, Казакстан мамлекеттик университетинда улук илимий кызмат­кер, Кыргыз ССР ИА ФМИде улук илимий кызмат­кер, лаборатория башчысы, ФПИде улук илимий кызмат­кер, жетектөөчү илимий кызматкер, КТУда доцент, улук илимий кызматкер, 1996-жылдан КМКТАУнун илим-изилдөө бөлүмүнүн башчысы. Катуу нерсенин де­формациялануу механикасы тармагы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Нелинейная теория упругости. Б., 1996; Метод граничных элементов в задачах геомеханики. Б., 2000; Расчётные методы оценки устойчивости отко­сов. Б., 2000.