КЛЕМЕНЦ Дмитрий Александрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕ́МЕНЦ Дмитрий Александрович [15. (27) 12. 1848, Самара губерниясы, Горяиновка кыштагы– 8 (21) 1. 1914, Москва] – орус окумуштуусу, архео­лог, этнограф, тарыхчы, географ, саякатчы. Ка­зан (1867-жылдан), кийин Санкт-Петербург университе­тинде (1869–71) окуган. Санкт-Петербургдагы революциялык иштерге катышкандыгына байланыш­туу 1873-жылы университетти бүтпөй, жашыруун абалга өткөн. 1879-жылы «Земля и воля» («Жер жана эрк») журналынын редактору болгон. Ушул эле жылы камакка алынып, Минусинскиге айдалган. Сибирде жүргөндө көп жыл геология, археоло­гия, этнография, тарых м-н алектенип, жер кы­дырган. Орто Азиянын, Сибирдин бир катар же­рин изилдейт. Иркутск, Минусинск музейлерин уюштурууга түздөн-түз көмөктөшөт. 1890-жылы Ир­кутскиге жайгашып, императордук орус географиялык коомунун Чыгыш-Сибирь бөлүмүнө мүчө болуп шайланат. Бир катар экспедицияларга, анын ичинде ИА уюштурган В. В. Радловдун экспедициясы­на катышат. «Восточное обозрение», «Сибирская газета» гезиттерине макалалар жазган. 1897–1903-жылдарда антропология ж-а этнография музейин­де улук этнограф, 1903–10-жылдарда орус музейинин этнография бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.


Эмг.: Из прошлого. Воспоминания. Л., 1925.


Ад.: Федоров В. И. Революционный народник, учёный и просветитель Д. А. Клеменц. Красноярск, 1988.