КИЧИ КЕМИН (Кемин районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:45, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КИЧИ КЕМИН to КИЧИ КЕМИН (Кемин районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЕМИН – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Кичи Кемин айыл округуна караштуу. Кичи Кемин суусунун сол өйүзүндө, Бишкек – Ак-Түз жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1600 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1921-жылы негизделген. Калкы 3185 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча бар. Үй­-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш­-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.