РУБОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''РУБОБ,''' ''р у б а б –'' Жакынкы, Орто Чыгыш өлкөлөрүндө, Түштүк жана Борбордук Азияда тараган кы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РУБОБ, р у б а б – Жакынкы, Орто Чыгыш өлкөлөрүндө, Түштүк жана Борбордук Азияда тараган кылдуу чертме музыкалык аспаптардын жалпы аталышы. Алар кашгар рубоб, афган рубоб, Бухара рубоб, тажик рубоб болуп бөлүнөт. Адатта алардын беренелүү жана беренеси жок эки түрү колдонулат (мисалы, кашгар рубоб 23–25 беренелүү, ат эми памир рубобдун беренелери жок).