РАГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''РАГА''' (санскрит, ragastra – боёк, түс, ышкы, каалоо) – 1. Индиянын улуттук музыкалык классикасындаг...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РАГА (санскрит, ragastra – боёк, түс, ышкы, каалоо) – 1. Индиянын улуттук музыкалык классикасындагы ладдык-обондук бирдиктер системасы. Жазма даректемелерде алардьн саны ЗЗООгө жеткирилет. Бирок музыкалык аткаруучулук тажрыйбада 200гө жакыны гана пайдаланылат. Рага негизинде музыкалык төкмөлүк усулдардын жардамы менен жаңы чыгармалар жаратуу ишке ашырылат. 2. Рага негизинде жаралган түркүн мазмундуу жанa түзүлүштөгү чыгармалардын жанрдык аталышы.