ПАСТИЧЧО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ПАСТИЧЧО''' (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынга...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАСТИЧЧО (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынган ариялардан, ансамблдерден жана башка музыкалык номерлерден турган жаңы опера. XVII кылымдын акырынан тартып тараган. Пастиччо ыкмасында аспаптык чыгармалар да жаралган (мисалы, Чайковскийдин «Моцартианасы» жана башкалар). 2. Композиторлор тобу, шериктиги тарабынан жаралган музыкалык чыгарма (мисалы, В. Беллинин «Гексамерон» чыгармасынын темасына Герц, Лист, Черни, Шопен, Тальберг жазган вариациялар жана башкалар).