ПАРАЛЛЕЛИЗМДЕР музыкада

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ПАРАЛЛЕЛИЗМДЕР''' (грекче parallelos – катар баскан, жанаша жаткан) – бирдей добуш аралыгы менен эк...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАРАЛЛЕЛИЗМДЕР (грекче parallelos – катар баскан, жанаша жаткан) – бирдей добуш аралыгы менен эки жанаша жаткан добуштун бир жакты көздөй жылышы же туруктуу кайталанышы (мисалы, параллелдик кварта, квинта жана башкалар). Алар көбүнчө элдик көп үндүүлүктө кезигет жана кеңири колдонулат. Жазма музыкада параллелизмдерге тыюу салынган.