ПАНДУРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ПАНДУРИ''' – грузиндердин 2 же 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 700-900 миллиметр....") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПАНДУРИ – грузиндердин 2 же 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 700-900 миллиметр. Пандури мойнунда жыгачтан оюлуп кадалган 2-5 беренеси бар. Кылы ичегиден жасалат. Пандури секунда, терция добуш аралыктарында күүлөнөт. Пандури адатта аялдар хорун жана бийди коштоодо колдонулат.