ОПУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ОПУС''' (латынча opus – эмгек, чыгарма) – 1. Катар номер менен белгиленген музыкалык чыгарма же би...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПУС (латынча opus – эмгек, чыгарма) – 1. Катар номер менен белгиленген музыкалык чыгарма же бир жанрдагы чыгармалар жыйнагы. Алгач опус номерин басмакана ээлери гана билишкен. XIX кылымдын биринчи жарымынан тартып опус номерин композиторлор өздөрү коё баштаган. 2. Кеңири музыкалык-эстетикалык мааниде опус композитордук ишмердикти ишке ашыруу, конкреттүү чыгарма жаратуу.