ОПЕРА-СЕМИСЕРИА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ОПЕРА-СЕМИСЕРИА''' (италянча ореrа semiseria – жарым олуттуу опера) – Италияда калыптанган жана ал...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРА-СЕМИСЕРИА (италянча ореrа semiseria – жарым олуттуу опера) – Италияда калыптанган жана ал жерде кеңири тараган опера-сериа (ореrа seria) менен опера-буффанын (ореrа buffa) ортосунан чыккан опера жанры. Опера-семисериа атайын бир чыгармачыл изденүүнүн натыйжасында эмес, жөн гана жогоруда аталган опера жанрларындаты эки чыгармачыл багыттын мүнөздүү белгилеринин бири-бирине өтүшү, пайдаланылышынын натыйжасында жаралган. Опера-семисерианын эң мыкты үлгүсү – Дж. Россининин «Сааттуу сагызганы».