МОРДЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''МОРДЕНТ''' (латынча mordent – тиштөө, чымчуу) – музыкалык обонду кооздочу мелизмдердин бири. Үч до...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРДЕНТ (латынча mordent – тиштөө, чымчуу) – музыкалык обонду кооздочу мелизмдердин бири. Үч добуштун тең аткарылышын көрсөтөт. Мордент белгиси нотанын үстүнө жазылат. Мордент адатта негизи, үстүңкү же төмөнкү баскычтагы жардамчы жана негизги добуштардан турат. Мордент жалгыз жана кош болуп экиге бөлүнөт. Кош мордент эки жолу аткарылат.