ЛУМЗДЯЛИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ЛУМЗДЯЛИС''', лумждис, ламз делис, дуделе – литвалыктардын аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУМЗДЯЛИС, лумждис, ламз делис, дуделе – литвалыктардын аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Добуш алууну оңойлоткон ышкырык жылчыгы бар. Лумздялистин узундугу 150-400 миллиметр. 3-8 көзөнөктүү. Диатоникалык добуш катарында. Лумздялисти көбүнчө мал кайтаргандар ырды, бийди коштоодо колдонушкан.